Барайыз

Википедия дан

Барайыз (арабча бе — айиз — акындардын ырларынан бириктирилген жыйнак) — жай ташты сууга салып күн жайлоо учурунда айтыла турган дубанын түрү. Негизги варианттарда Алмамбет күн жайлаганда айтылат:

Касыйдадан кат окуп,

Калмакча кара дуба жат окуп,

Барайыздан бат окуп,

Бачымыраак жат окуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 150).

Эпостогу бул сүрөттөө касиеттүү эсептелген ар кайсы диний китептердеги дубалардан окуса жаан-чачын болуп, борошо түшөт деген элдик магиялык ишенимге ылайык айтылып жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4