Барбулак - Жөкөтөй өрөөнү

Википедия дан

Барбулак - Жөкөтөй өрөөнү - Ысык-Көл өрөөнүнүн түш.-батышында. Тегерек, Кызылмойнок, Чоломо, Жылгындуукоо ж-а Каракоо тоолору м-н курчалып, кеңдик багытта 38 кмге созулуп жатат.

Туурасы 10 км. Таманынын орт. бийикт. 1700–2000 м. Курчаган тоолор өрөөндүн таманынан 700–1500 м бийиктикке көтөрүлгөн. Климаты мелүүн континенттик, кургакчыл. Июлдун орт. температурасы 17°С, январдыкы –4°С; аязсыз мезгилдин узактыгы 160–170 күн; жылдык жаан-чачыны 170 мм. Өрөөнгө жарым чөл ж-а талаа ландшафты мүнөздүү. Дан ж-а тоют өсүмдүктөрү айдалат; жайыт. Өрөөндө Барбулак, Шорбулак ж. б. кыш. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2