Бардотка

Википедия дан

Бардотка – бюстгальтерге окшогон кофта. Бул кийимди 1950-жылдары атагы таш жарган француз актрисасы Бриджит Бардо алгачкылардан болуп эл алдына кийип чыккан. Бирок Бриджиттин мындай кылыгы коомчулукка жакпай, анын дарегине ар кандай терс пикирлер айтылган. Мындан улам аталган кофта кеӊири таралган эмес. Кийинчерээк 1998-жылы бул кофта модага кирип, элге кеӊири жайыла баштаган. Ал эми бардотка деген аталыш 2000-жылдардын башында ыйгарылган. Ага чейин көпчүлүк муну бюстгальтер катары эле кабыл алышкан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Commonscat-inline

Калып:Аялдардын ич кийими