Барымтага кармоо

Википедия дан

Барымтага кармоо - барымтадагы адамды бошотуунун шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке адамдарды кандайдыр бир аракетти жасоого же жасатпай коюуга мажбурлоо. Барымтага кармоо коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар тобуна кирет. Анын объектиси катары коомдук коопсуздук, адамдын саламаттыгы жана өмүрү эсептелет. Ал эми бул кылмыш курамынын объективдүү жагына коомго коркунучтуу аракеттер кирет: 1) адамды туткундоо (билгизбей, ачык түрдө, зомбулук же коркутуу жолу менен); 2) адамды камакта кармоо (күч колдонуу менен). Барымтага кармоо жагы атайылап, тикелей ниетте жасалат жана жүйөөсү ар кандай болушу мүмкүн. Эгер барымтачы өз ыктыяры менен барымтага кармаган адамды бошотсо, анын аракетинде башка кылмыштын курамы жок болсо, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Бул кылмышты улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү тергейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4