Башталгыч мектеп

Википедия дан

Башталгыч мектеп – кенже курактагы балдарга башталгыч билим берүүгө багытталган атайын мекеме. Башталгыч мектеп өз алдынча же жалпы орто билим берүүчү мектептин тутумунда болот. Мазмуну жагынан орто билим берүү системасынын курамына кирип, анын биринчи баскычы болуп эсертелет. Дээрлик бардык өлкөлөрдө Башталгыч мектеп 5 жаштан 7 жашка чейин жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында 3 жана 4 жылдык башталгыч мектеп орун алып келген. XXI кылымдын башынан тартып республикада 4 жылдык башталгыч мектеп сакталып, ага 6–7 жаштагы балдар кабыл алынат. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 4 жылдык башталгыч билим берүү балдардын ден соолугун сактоого, тиешелүү билим денгээлин камсыз кылууга ийкемдүү шарт түзө алат. Башталгыч мектепте баланын сабаты ачылып, окурмандык, таанып–билүүчүлүк, окуп-үйрөнүү ишмердиктери калыптанат, математиканын, дүйнөнүн илимий автоматталышынын негиздерин, аалам жана адам жөнүндө алгачкы илимий түшүнүктөрдү кабылдайт. Ошону менен бирге эле кенже курактагы окуучунун инсандык сапаттары, экологиялык, эстетикалык, жүрүм-турум маданияты тарбияланат. Аталган касиеттер эне-тили, математика, мекен таануу, адеп, сүрөт, музыка жана дене тарбия сыяктуу окуу предметтери аркылуу калыптанат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,