Бегалиев Медер

Википедия дан

Бегалиев Медер (1922-ж. туулган, Кайсар айылы) - согуштун жана эмгектин ардагери. Эмгек жолун 16 жашынан баштаган.

  • Ал 1936-42-жылдары колхоздун ар кандай жумуштарында иштейт.
  • Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942-43).
  • Согуштан келгенден кийин тылда эмгектенип, Чаекке, Балыкчыга фронттогуларга атка эгин жүктөп жеткирип турган.
  • 1949-52-жылдары байланыш бөлүмүндө башчы болуп иштеп, Суусамырда биринчи жолу байланыш бөлүмүн курдурткан.
  • Ферма башчысы (195860), Калинин районундагы «Красный Восток» колхозунун Суусамырдагы Кайсар бөлүмүндө участка башчысы (1960-74) болуп эмгектенген.
  • 1965-74-жылдары Суусамыр айылдык кенешине бир нече жолу депутат болуп шайланган.
  • Көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Учурда ардактуу эс алууда.
  • Кырбаш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9