Бегалиев Мырзабек Акимович

Википедия дан

Бегалиев Мырзабек Акимович (2.8. 1953-ж. туулган, Жумгал району, Чаек кыштагы) - жетекчи кызматкер.

Айыл чарбанын отличниги. Кесиби инженер-механик.

Фрунзедеги жол курулуш техникумун (1980) жана К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн (1990). Эмгек жолун 1971-ж. ар кандай жумуштарда эмгектенип баштаган. 197274-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Жумгал совхозунда гараж башчысы, техник-нормалоочу (1976-83), Суусамырдагы «Кызыл-Ой» совхозунда башкы инженер (198387) жана партиялык комитеттин катчысы (1987-91), Көкөмерен совхозунда партиялык комитеттин катчысы (1991), «Үч-Эмчек» совхозунун директору (1992-95) болуп эмгектенген. «Комплектнабхлеб-продуктов» өндүрүш башкармалыгынын директорунун орун басары (1995-97), «Айылтехсервис» мамлекеттик акционердик лизинг компаниясынын (МАЛК) координатору (1997-98), төрагасы (2003), «Айыл-техсервис» МАЛКнын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча директору (1998-2001), 2001-жылдан ал ишкананын 1-вице президенти болгон.

Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, СССР ВДНХсынын коло медалы менен сыйланган. КМШ өлкөлөрү бириккен лизинг конфедерация башкармалыгына мүчө. Япония өкмөтүнөн алынган гранттык кредиттерди кайтарып алуу боюнча жетекчи болуп келет. Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9