Бейшеналиева Зууракан

Википедия дан

Бейшеналиева Зууракан Бычмачы-тикмечи. 1932-ж. Ак-Талаа районундагы Куртка айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Кыйла жылдары соода тармагында эмгектенген. 1979-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин үйдөн уздануучусу болгон. Уз эркектерге жайкы көйнөк, жеңдүү желетки, кемсел, жалаңкат чепкен, ичик, ал эми аялдарга көйнөк, чыптама, кемсел, бешмант, чепкен, ичик тигүүгө адистешкен. Аялдар үчүн түлкү ичик, көрпө ичик, курама ичик (бучкак) да тигет. Кемсел тигүүдө ал «беш белди» көбүрөөк кармайт. Беш бел - колтуктан чөнтөктүн оозуна чейин кынала тигилген тигиштер. Чөнтөк түз салынат. Кийимдин топчулуктары ичилик менен жасалат. Ичилик - ичинен ичтөө, ичинен тордоо деген түшүнүктү берет. Кемселдин этеги кенен келип, бели денеге кыналып турушу абзел. Тактап айтканда, кемсел эки жеңден, жакадан, үч бойдон болот. Үч бой - эки бөйрөмчөдөн, бир учадан турат. Мында үч бойду бириктирип тигип, жака салып, анан жеңдери орнотулуп, чөнтөк баштыкчалары бекитилет. Танап коюу - белге ылайыктап оё кесип, курсактуу болсо оюлган жерге «кийринди» киргизип, кымча бел болсо оюкту бүйрө тигүү дегендик. Ансыз кийим бойго чак болбой калат. Уздун кемсел ичи көбөө менен кошулуп, үч бойго биригип турат. Буга кээде жукараак ийин коёт. Ичик тигүүдө «беш бел» кылбай этегин жайылта кенен алып, түз бычат. Түлкү ичиктин жакасын түлкүдөн, көрпө ичиктикин көрпөдөн салат. Аң жана койэчки, козу-улактын терилеринин өөн-бучкактарынан жасаган курак ичикке көрпө жака салат. Жакалуу ичиктин жакасы көлөмүнө жараша жазы болот. Алсах, аялдардын орто ичигинин (48-50-өлчөмдөгү) жакасынын жазылыгы болжолдо сөөм, узуну беш карыштай болот. Ичикти тыштоодо чебер ичи-тышын өзүнчө тигип алат да, алардын үч боюн өз ара бириктирет. Сыртын өзүнчө көбөөлөйт. Ичикке ийин-кеп коюлбайт. Ичиктин тышы тери менен бириктирилгенден кийин жака салынат. Аялдар ичигинин тышына баркут, кыжымы, эркектердин ичигине кыл торко кездеме, трайке мүнөздүү келет. Зууракан көрпө тебетейдин тышын шырып да, шырыбай да жасайт. Түлкү тебетейди да шырып да, шырыбай да тигет. Суусар тебетейди шырыбай эндей жасайт. Тебетейдин кырбуусун бурчтуу чыгарып, бөрктүү жана көрктүү көрсөтө алат. Тебетейдин кыргагын (көрпөсүн) жазы чыгарат. Баш кийим тигүүдө адамдын жаш өзгөчөлүгүн эске алат. Жаштар үчүн тебетейдин төбөсүн шырып тигет, улгайгандарга шырыбай тигип ылайыктайт. Кутман карыга казанбак тебетей жасайт. Ал саксак, көрпөдөн жасалып, төбөсү шырылбайт. Мында уз тебетейдин төрт талаасын мурун тигил алат да, анын көрпөсүн курап тигип экөөнү бириктирет. Көрпөнү каптаарда тебетейдин кыргагына жүн салат. Ал топу да жасайт. Ал да шырылып жасалат. Жердигйн кыйгач бычып, анын өлчөмүн болжоп, төбөсүн өзүнчө тегерек оюп алат. Ичи менен сыртын бириктире тигип, ичине кебез жалатып, кырка жээги кыйгач шырылат. Анын төбөсү өзүнчө шырылып жээги биригет. Ич тигиштери билинбесин үчүн жердикти кыйгач алып, кыйык коюп кыйыйт. Топуну көбүнчө улгайгандар кийет. Ошондуктан жарашыктуу жердик катары кара баркутту, кыжымыны алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0