Бекдел тести

Википедия дан
Эки аял.
Алар бири-бири менен сүйлөшөт.
Эркектер жөнүндө эмес.

Бекдел тести (же Бехдель тести)[1] көркөм чыгармалардагы гендердик бир тараптуу чагылдырууну аныктоочу тест. Ал эми гендердик бир тараптуулук - бул гендерине же жынысына карап жан тарткан мамилелер, көз караштар, ишенимдер. Бул тесттен өтүү үчүн чыгарманын жок дегенде 2 аял каарманы болушу керек жана алардын ортосунда эркектер жөнүндө эмес, башка темада маек болушу шарт. Кошумча дагы бир шарт боюнча, бул аялдарга ысым берилиши керек.

Америкалык карикатурачы Элисон Бекдел

Бул тест америкалык карикатурист Элисон Бекделдин урматына аталган. Аталган идеясын  1985-жылы Бекдел “Dykes to Watch Out For” карикатурасынын каарманы аркылуу билдирген. Ал эми тесттин автору бул ойду курбусу Лиз Уоллеске тийиштүү деп айтат (англ. Liz Wallace). Башында бул тест тасмаларга талдоо жүргүзүү үчүн колдонулган, кийинчерээк, массалык маалымат каражаттарына карата да иштей баштаган. Бекдел тестинин башка аталыштары да белгилүү, алар: Бекдел-Уоллес тести, Бекдел эрежеси, Бекдел мыйзамы жана Мо тасма өлчөгүчү (Мо - комикстердеги каармандардын бири).

Бул тесттин башталышы жөн гана  “феминисттик гезиттеги лесби тамаша” болгонуна карабастан,[2] кино сынчылар тарабынан тез эле колдоого алынып, “китеп, телеберүү жана тасмаларды талдоонун стандартына айланган”.[3]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баштапкы маалымат: маданиятта гендердин чагылдырылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Виржиния Вулф 1929-жылы жарык көргөн “Жеке бөлмө” эссеси (англ. «A Room of One’s Own» ) аркылуу өз заманына тийиштүү көрүнүштөрдү жазган. Ал эми Вулф баяндаган ошол эле көрүнүштөрдү Бекдел дагы заманбап чыгармаларда байкаганын жазат:

Мен бардык жагынан топ келиштирилип, ойлонуп чыгарылган аялдардын образдарын эстеп жатып, аял менен аялдын ортосундагы мамиле өтө жупуну экенин болгоолодум. Ушунча окулган китептердин арасынан аялдар бири-бирине курбу болуп чагылдырылган бир дагы чыгарманы эстей албай койдум. Арасынан эне-кыздын каармандары сейрек учурайт. Бирок алардын бардык мамилелери эркектерге барып такалат.  Баарынан таң калганым, Джейн Остиндин дооруна чейинки адабияттагы бардык мыкты аял каармандар бөлөк жыныстагы каармандардын гана обьектилери катары сүрөттөлбөстөн, аларга гана байланыштырылып каралган. Бирок бул аялдын жашоосунун аз гана сүртүмдөрү да […][4]

АКШдагы 1950-2006 жылдар арасындагы эң ийгиликтүү деп эсептелген 855 тасманы изилдөө учурунда белгилүү болгондой, ар бир  аял каарманга 2 эркек каарман дал келип турган жана ушул мөөнөт ичинде бул көрсөткүч дээрлик өзгөрүлгөн эмес. Изилдөөгө  ылайык, сюжет боюнча, аял каармандар эркектерге салыштырмалуу секске 2 эсе көп умтулушат. Ал эми аялдар катышкан ачык сценалардын саны убакыт өткөн сайын дагы эле өсүүдө. Муну менен катар, эркек менен аялдын салыштырмалуу зөөкүрлүк деңгээли өзгөргөн эмес. .

2014-жылы көркөм маданияттагы гендердик көйгөйлөр боюнча Джина Девис Институту жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, экрандагы аты аталган каармандардын 31 гана пайызын аялдар түзсө, тасмалардагы аялдар ойногон башкы каармандардын ролу болгону 23%  болгон.  Ал эми режиссер аялдар 7% түзөт. Бул изилдөөгө 2010-2013-жылдар аралыгында дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан тартылган 120 тасма киргизилген[5].

Дагы башка изилдөөнүн алкагында 2007-2014-жылдар ичинде тартылган жана бийик көрүмдүү 700 тасманы талдап көрүшкөн. Бул тасмаларда сөз берилген каармандардын 30 пайызы гана аялдар болгону аныкталган[6].

Бекдел тести[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекдел тестин өткөн деген мөөр

“Бекдел тести” деп аталган эреже алгач ирет 1985-жылы Элисон Бекделдин «Dykes To Watch Out For» комиксинде пайда болгон. Комикстин бул чыгарылышында 2 аял киного барууну көздөшөт. Алардын бири төмөнкү талаптарга жооп берген гана тасманы көрө турганын айтат:[7]

  1. Тасмада жок дегенде, 2 аялдын катышуусу шарт.
  2. Экөө бири-бири менен маек курушу керек.
  3. Алардын маеги эркектер тууралуу болбоого тийиш.


Экинчи аял макулдугун билдирип, талаптардын катуулугун, бирок бул жакшы ой экендигин айтат. Күтүлбөгөн жерден бул талаптарга бир дагы тасма ылайык келбей коет. Ал эми аялдар киного кирбей, үйгө кайтууга мажбур болушат. Комикстин каарманы акыркы жолу көрүүгө мүмкүн болгон тасма “Чоочун” (англ. Alien) фильми болгонун өкүнүү менен айтат.

2013-жылы бул тест тасмаларда аялдарга карата сексттик мамиле бары-жоктугун аныктай турган “туруктуу сөз айкашына” айлангандыгы тууралуу айтыла баштаган.[8] Басма сөздө “Тынч океан жээги” сыяктуу негизги тасмалар дагы тесттеги үч жөнөкөй критерийден өтпөй калганы талкууланган.[9] Учурда тестти автоматташтыруу аракеттери бар.

Кээ бир учурларда тесттин талаптарына кошумча-толуктоолорду киргизип турушат. Мисалы, сценарийдеги аял каармандарга ысым берилиши керек жана алардын маеги 60 секунд мөөнөттөн узагыраак болушу шарт[10].

Тестти киноиндустрияда колдонуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылы төрт швед кинотеатры жана бир кабелдик  канал Швед кино институтунун колдоосу менен Бекдел тестин башка рейтингдер менен бирдей колдоно башташкан .

Ал эми 2014-жылы Eurimages европалык кино фонду Бекдел тестин грант алууга талапкерлердин анкетасына киргизген[11].

Тесттин жыйынтыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Статистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"bechdeltest.com" веб-сайтында колдонуучулар тарабынан толтурулуучу маалымат базасы бар, анда болжол менен 4500 тасма Бекдел тестинен өткөрүлгөн (кошумча шарт боюнча, сценарийдеги аял каарман ысымынан аталышы керек). Базадагы маалымат боюнча,  2015-жылдын апрелине карата тизмеленген тасмалардын 58%ы тесттин үч критерийине жооп берген, ал эми 10%ы бир критерийге, 22%ы эки талапка жооп бере албай калса, 10%ы тесттеги 3 талапка тең ылайык келген эмес.[12]

Бул тууралуу 2010-жылы “Entertainment Weekly” журналынын журналисти Марк Харрис "Оскар" сыйлыгына талапкер тасмалардын жарымы сынактан өтпөй калмак,” -  деп жазган[13]. Ал эми “Vocativ” жаңылыктар сайты 2013-жылдын эң көп кирешелүү тасмаларын текшерип, жарымына жакыны тесттен өткөн деген жыйынтыкка келген[14].

Жазуучу Чарльз Стросс тесттен өткөн тасмалардын болжол менен жарымында аялдар эркектер тууралуу сүйлөшүшпөйт, бирок алардын маеги нике же балдар жөнүндө болорун байкаган. Башка жагынан алып караганда, аялдар жөнүндө же аялдарга багытталган айрым тасмалар бул тесттен өтпөй калышат. Башкы каармандары жалаң аялдарды тузгөн “Чоң шаардагы секс” сериалынын жаратмандары буга жооп катары тасмадагы каарманды сүйлөтүшкөн: “Кантип ушундай төрт акылдуу аялдын жигиттеринен башка сүйлөшө турган эч нерсеси жок болсун?! Анда биз банк эсебинде акчасы бар, бирок жетинчи класста окуган кыздар окшойбуз!”

Тасмалардан сырткары тест компьютердик оюндарда[15] жана комикстерде[16] колдонулган. баалоо үчүн да колдонулган.

Финансылык натыйжалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Vocativ” сайты АКШда Бекдел тестинен өткөн тасмалар 4,22 миллиард доллар, ал эми андан өтпөй калган тасмалар 2,66 миллиард доллар киреше тапканын аныктаган. Мындан авторлор “Голливуд аялдарга экранда узагыраак убакыт берүү менен көбүрөөк акча таба алат” деген жыйынтыкка келишет.[14] “FiveThirtyEight” веб-сайты жарыялаган маалымат боюнча, 1990-жылдан 2013-жылга чейин экранга чыккан 1615 тасманын негизинде тесттен өткөн тасмалардын медианалык бюджети  35% аз экенин көрсөткөн. Кошумчалай кетсек, тесттен өткөн тасмалар АКШда 37% жогору кирешеге ээ болгон жана АКШдан тышкаркы жерлерде тесттен өтпөй калган тасмалар менен бирдей кайтарым киреше тапкан.[17]

Сын-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекдел тести биринчи караганда аялдар чыгармаларда кандай деңгээлде чагылдырылганын аныктоочу тест катары көрүнөт. Чыгарма тесттен өткөнү менен, ал сексисттик маанайда болуп калышы толук мүмкүн, же тескерисинче, башкы каармандары жалаң аялдар болгон чыгарма тесттин талаптарына дал келбей калышы ыктымал.[18] Ошондой эле, чыгармадагы иш-аракеттин убактысы жана орду аялдын маанилүү ролуна басым жасабагандыктан, чыгарма сыноодон  өтпөй калышы мүмкүн, мисалы, Умберто Эконун "Роза" чыгармасында сюжетте орто кылымдардагы эркектердин монастырындагы окуялар чагылдырат.[19] Кино-сынчысы Робби Коллин дал ушундай кемчиликтерди көрсөтүү менен, бул тестти “анализге эмес, статистика чогултканга багытталган” формалдуу көрүнүш катары сүрөттөйт[20].

Изилдөөчү Файт Лоуренс тест статистикасы талаптардын канчалык катуу экендигине көз каранды экенин белгилейт. Лоуренс “эркек жөнүндө бир эле жолу сүйлөшүлгөндө бардык диалог жараксыз болуп калабы,  же маектин башталышы жана аягы деп эмне эсептелинет?” деген суроолорго жооп издейт.[21] .

Сынчы Нина Пауэр: “Искусство качандыр бир убакта Бекдел сынагынан өтүүгө умтулууга тийишпи, же өзүнүн көркөм максаттарын көздөшү керекпи?” - деп сурайт. Ошондой эле, искусство реалдуулукту чагылдырса, анда чындыктын өзү бул тесттен өтөбү деген суроолорду коюп келишет.

Бул сындарга жооп катары "кайтарым Бекдел тести" деген аталыштагы тест колдонулат - анда  дээрлик бардык тасмаларда эки эркектин аялдан башка нерсе жөнүндө сүйлөшкөн эпизоддор учурай тургандыгын белгилөөгө болот.[22]

Кошумча шилтемелер:

https://bechdeltest.com/ Бекдель тестинин веб-сайты.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Тест бехдель Archived 2023-03-25 at the Wayback Machine (орус.) Текшерилген күн: 25.03.2023.
  2. Morlan, KinseeComic-Con vs. the Bechdel Test, San Diego City Beat (23 июля 2014). Текшерилген күн: 25.03.2023
  3. Steiger, Kay. No Clean Slate: Unshakeable race and gender politics in The Walking Dead // Triumph of The Walking Dead/ Lowder, James. — BenBella Books  (англ.), 2011. — С. 104. — ISBN 9781936661138.
  4. VirginiaWoolf Thomas, Stephen: . University of Adelaide Press. Текшерилген күнү 25 -март (жалган куран) 2023.
  5. 'Hunger Games' success masks stubborn gender gap in Hollywood, Chicago Tribune (22 -сентябрь (аяк оона) 2014).
  6. Inequality in 700 Popular Films: Examining Portrayals of Gender, Race, & LGBT Status from 2007 to 2014(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). USC Annenberg School for Communication and Journalism. Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2015.
  7. Bechdel, Allison. Dykes to Watch Out For. Firebrand Books (1 October 1986). ISBN 978-0932379177.
  8. Romano, Aja. The Mako Mori Test: 'Pacific Rim' inspires a Bechdel Test alternative (18 -август (баш оона) 2013). Архивировано из первоисточника 28 Апрель 2015. Текшерилген күнү 15 -сентябрь (аяк оона) 2013.
  9. McGuinness, Ross. The Bechdel test and why Hollywood is a man's, man's, man's world (18 -июль (теке) 2013). Архивировано из первоисточника 17 -март (жалган куран) 2015. Текшерилген күнү 15 -сентябрь (аяк оона) 2013.
  10. The Oscars and the Bechdel Test(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Feminist Frequency (15 -февраль (бирдин айы) 2012). Текшерилген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2013.
  11. Gender equality within Eurimages: current situation and scope for evolution(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2015.
  12. Statistics. bechdeltest.com. Текшерилген күнү 13 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 29 -март (жалган куран) 2016.
  13. Harris, Mark. I Am Woman. Hear Me... Please! (6 -август (баш оона) 2010). Архивировано из первоисточника 22 Апрель 2012. Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2012.
  14. 14.0 14.1 Hollywood Movies With Strong Female Roles Make More Money (2 -январь (үчтүн айы) 2014). Архивировано из первоисточника 3 -январь (үчтүн айы) 2014. Текшерилген күнү 2 -январь (үчтүн айы) 2014.
  15. Something other than a man: 15 games that pass the Bechdel Test (июль 2012). Архивировано из первоисточника 23 -июль (теке) 2012. Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2012.
  16. Witchblade/Red Sonja #1 Passes The Bechdel Test (22 -февраль (бирдин айы) 2012). Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2012.
  17. Hickey, Walt. The Dollar-And-Cents Case Against Hollywood's Exclusion of Women (1 Апрель 2014). Архивировано из первоисточника 8 Апрель 2014. Текшерилген күнү 28 -декабрь (бештин айы) 2015.
  18. Wilson, Sarah. Bechdel Rule still applies to portrayal of women in films, The Oklahoma Daily (28 -июнь (кулжа) 2012). Архивировано из первоисточника 22 -август (баш оона) 2014. Текшерилген күнү 28 -декабрь (бештин айы) 2015.
  19. Bechdel's Law(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (28 -июль (теке) 2008). Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2012.
  20. Bechdel test is damaging to the way we think about film (15 -ноябрь (жетинин айы) 2013). Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2013.
  21. FaithLawrence SPARQLing Conversation: Automating The Bechdel-Wallace Test. Paper presented at the Narrative and Hypertext Workshop, Hypertext 2011(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (июнь 2011). Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2012.
  22. Марина Ментусова. Что такое тест Бекдел-Уоллес и зачем кинематографу нетипичные женские персонажи. (орус.) Forbes (2 август 2022). Текшерилген күнү: 25.03.2023.