Бекзаада

Википедия дан

Бекзаада, Бек заада, Бек зат — бектин баласы, бектин тукуму, теги ак сөөк. ''Манас'' эпосунда калк башкарган көпчүлүк кейипкерлер Б. деп аталат:

Калк ичинде баркы бар —

Төрө заада төртөө бар,

Кан заададан канча бар,

Бек заададан бешөө бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 241).

«Манастын Каныкейди алганы» окуясындагы «Бекер келген мен эмес, Бекер неге жүрсүң деп, Бекзаада айтар кеп эмес» (Сагымбай Орозбаков, 2. 357),— деген саптар Б-нын калкка кадыры өтүмдүү, сыпаа жан экендигин айгинелейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4