Беккер Гэри

Википедия дан

Беккер Гэри (АКШ) - (микроэкономикалык талдоонун чөйрөсүн кеңейткендиги үчүн) 1992-жыл. 1930-жылы Норвегияда Поттстаун шаарында төрөлгөн.

Беккер «Адам капиталы» (1964-жыл) аттуу китебинде, мектепте жана өндүрүштө окутуу, үйрөтүү менен адам капиталынын түзүлүшү түптөлөрүн жалпы теориясын берген.

Бул экономикалык ой жүгүртүүдөгү төңкөрүштүн башталышы эле. Ал «үй-бүлө жүрүш-турушуна экономикалык мамиле» (1976) жана «үй-бүлө жөнүндө трактат» (1981) аттуу чыгармаларында үй-бүлөнү, чечим кабыл алуучу бир нече адамдан турган өндүрүштүк бирдик катары карап, үй-бүлөнүн эски концепциясынан баш тарткан. Бул Беккердин «үй-бүлөлүк жаңы экономикалык теориясы» эле.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9