Белалды айыл өкмөтү

Википедия дан

Белалды айыл өкмөтү - Токтогул районундагы администрациялык-аймактык бирдик.

Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 340 км, райондун борбору Токтогул шаарчасынан 45 км чыгыш тарапта, Ташкөмүр темир жол бекетинен 200 км аралыкта жайгашкан. 1930-ж. негизделген. Айыл өкмөтүнө Коргон, Сарысөгөт, Белалды, Кишен айылдары карайт. Калкы 3825 (2004); негизинен мал чарбасында жана талаачылыкта эмгектенишет.

Жеринин жалпы аянты 22,1 миң га, айдоо жери 1,1 миң га, анын ичинен сугат жери 246 га, кайрак жери 756 га. Эки орто, 1 башталгыч мектеп, китепкана, клуб, айылдык врачтык амбулатория, фельдшер-акушердик пункт, 2 мечит, 3 май чыгаруучу цех, 7 тегирмен, 3 устакана, байланыш бөлүмү бар. 26 дыйкан чарбасы уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5