Бели-сынык

Википедия дан

Бели-сынык - Алай - Түркстан тоо системасындагы кырка тоо.

Чыгышынан Жамангул тоосу, батышынан Кожо-Бакырган өрөөнү, түндүгүнөн Фергана өрөөнүнүн адырлары, түштүгүнөн Маргун, Даргун жана Мадыген өрөөндөрү менен чектешет. Уз. 60 км, туурасы 10-15 км. Орт. бийиктиги 1800-2000 м, эң бийик жери 2330 м (Даргун тоосу). Тоонун кап-талдары неоген-антропоген мезгилде-ришга конгломерат жана кум-чополуу чөкмөлөрүнөн, кыры палеозойдун аки таш жана сланец тоо тектеринен турат. Эрозиялык жана тектоникалык процесстердин натыйжасында өтө тилмеленген горст-антиклиналь. Тоонун капталдары адырлуу. Жарым чөл (700- 900 м) жана талаа (900 м ден жогору) ландшафттары басымдуулук кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.