Бердалиев Акмат

Википедия дан

Бердалиев Акмат (1920-ж. т., Бууракан айылы) - СССРдин кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги (1978). Атамекендик согуштун катышуучусу.

  • 1965-ж. Кыргызстан айыл-чарба институтун бүтүргөн.
  • 1940-42-ж. Үчтерек районундагы М. Горький атындагы мектепте мугалим,
  • 1946-54-ж. Үчтерек райкомунда 3, 2-секретарь,
  • 1954-жылдан Үчтерек райондук аткомунун төрагасы,
  • 1965-жылдан Токтогул райондук айыл-чарба башкармалыгында зоотехник,
  • 1967-жылдан райондук малды бордоп семиртүүчү совхоздо директор,
  • 1969-жылдан Бөкөнбаев атындагы колхоздун төрагасы болуп эмгектенген.
  • 1973-82-ж. Токтогулдагы №39 кесиптик-техникалык окуу жайынын директору. I даражадагы Атамекендик согуш ордени менен сыйланган. Токтогул районундагы №39 кесиптик лицейге Акмат Бердалиевдин ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5