Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицей

Википедия дан

Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицей (Токтогул шаарчасы, Бөкөнбаев көчөсү,69) эл чарбасынын ар кандай тармактары үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларын (электрик, жыгач уста, шыбакчы, тигүүчү, фермер, мелиоратор, тракторист ж.б.) даярдайт.

Токтогул ГЭСинин курулушуна байланыштуу жумушчу кадрларын даярдоо максатында 1968-ж. кесиптик-техникалык окуу жайы катары уюшулган. Окуу жайдын алгачкы директору Жусупбаев Назар болгон. Жатаканасы, 2 автоунаа жана трактору болгон.

1997-жылдан кесиптик лицей болуп кайра түзүлгөн. Лицейде 20дан ашык окутуучулар эмгектенишип, 200гө жакын окуучулар билим алышууда. Азыркы учурда лицейди Б. Сулайманов жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5