Березин Илья Николаевич
Березин Илья Николаевич, орус чыгыштаануучусу, түрколог, ирантаануучу, монголтаануучу, Санкт-Петербург университетинин профессору, жашыруун кеңешчи. 1818-ж. 19-июлда Пермь губерниясынын Юго-Камск заводунда тоо иштери боюнча инженердин үй бүлөсүндө туулган. Баштапкы билимди үй шартында алгандан соң, Екатеринбургдагы уездик училищеден, андан соң, Пермь гимназиясынан билим алат. 1834-ж. Казань университетинин чыгыштаануу факультетине келип кирет. Окуу жайда профессор Ф.И.Эрдмандын жетекчилиги астында араб-фарси тилдерин окуп-үйрөнүү боюнча жигердүү эмгектенет. 1837-ж. тарых-филология факультетинин чыгыш бөлүмүн аяктагандан соң, окуу жайда калтырылат, андан соң Астраханга перстер жана татарлардын тилдерин үйрөнүү боюнча жиберилет. Казань шаарына кайтып келип, «Что способствует развитию просвещения и останавливает ход его в державах магометанских» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 1841-ж. чыгыш тилдери боюнча магистрлик даражага ээ болот. 1842-ж. Александр Касимович Казембектин атайын көрсөтмөсү менен Дагестан, Закавказье, Аравия, Туркия, Персия жана Египетке үч жылга жергиликтүү элдердин тилдерин, каада-салттарын, адабиятын жана байыркы тарыхын окуп-үйрөнүүгө жиберилген. Анын Чыгыштагы илимий иш-сапары тууралуу билдирүүлөр 1845-1846 жж. Казань университетинин илимий басылмасында жарыяланган. 1855-ж. Петербург университетинин жаңы ачылган чыгыштаануу факультетине чакырылат. 1864-ж. И.Я.Березин «Очерк внутреннего устройство улуса Джучиева» деген темада чыгыш тилдери боюнча докторлук диссертациясын коргойт. 1872-1879 жж. «Русский энциклопедический словарь», ал эми 1880—1884 жж. «Новый энциклопедический словарь» китептерин жарыкка чыгарган. Анын эмгектери Орус императордук археологиялык коомунун журналында ж.б. жыйнактарда жарыяланып турган. 1896-ж. Санкт-Петербургда каза болгон.
Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Турецкая грамматика (1847)
- Описание турецко-татарских рукописей, хранящихся в петербургских библиотеках (1846—1849)
- Système des dialectes Turcs (1849)
- Путешествие по Дагестану и Закавказью (1850)
- Библиотека восточных историков (1850—1851, 2 тома)
- Ханские ярлыки (1850—1852)
- Путешествия по Востоку (1849—1852, 2 тома)
- Библиотека восточных турков (1849—1854, 3 тома)
- Путешествие по северной Персии (1852) Н
- Recherches sur les dialectes persans (1853)
- Грамматика персидского языка (1853)
- Монография Булгар на Волге (1853)
- О нашествии Батыя на Россию (1853)
- Catalogue des mémoires et des médailles du cabinet numismatique de l’université de Casan (1855);
- Народные пословицы турецкого племени (1856)
- Guide du voyageur en Orient. Dialogues arabes d’après trois principaux dialectes: de Mésopotamie, de Syrie et d’Egypte (1857)
- Сборник восточных летописей (1858—1869, 6 томов)
- Внутреннее устройство улуса Джучиева по ханским ярлыкам, докторская диссертация (1865)
- Турецкая хрестоматия (1857—1878, 3 тома)
- «Московские Ведомости» жана «Русский Вестник» журналдарында жарыяланган эмгектер:
- Рамазан в Стамбуле (1856)
- Бейрам (1856)
- Сцены в пустыне (1856, 1858, 1860)
- Иной мир (1857)
- Блаженство мусульманина (1867)
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015