Беткеп

Википедия дан

Беткеп, маска көргө коюлган адамдын бет жапкычы. Ал чоподон, гипстен, алтындан жасалган. 1958-ж. Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн (4-5-кылымга таандык) жука тактайдан жасалган, төрт бурчу жез зым менен бекитилген табытта башы батышты каратылып, чалкасынан жаткырылган аялдын сөөгү табылган. Анын бети алтындан жасалып, көзүнө акак чөгөрүлгөн каңылтыр беткеп менен жабылган. Кийин буга окшогон беткептер Алайдагы Жалпак дөбөдөн, Кетмен төбө өрөөнүнөн табылган. Кара деңиз, Волга боюнан, Енисейден, Казакстандан жана Орто Азиянын башка аймактарынан кездешиши алардын ортосунда (4-5-кылымда) тарыхый-маданий байланыштын болгондугун айгинелейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]