Бешуля Спиридон Ерофеевич

Википедия дан

Бешуля Спиридон Ерофеевич (12(25).12.1907 — 18.6.1979) - Донецк областынын Марьинский районундагы "Октябрь" колхозунун председатели.

Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950, 1958). 1931-жылдан КПССтин мүчөсү. Ал башкарган колхоз 1949-ж. 150 га буудайдын ар гектарынан 30, 5 ц ден, 1967-ж. дан эгиндеринен 26 ц, күнкарамадан 25, 8 ц түшүм алып, Ленин ордени менен сыйланган. Бешуля -КПССтин 22-23-съезддеринин жана Украина КПнин 20-съездинин делегаты.

Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.