Беш-Таш кум-шагыл кени

Википедия дан

Беш-Таш кум-шагыл кени Талас районунда, Талас шаарынан 1–3 км түштүк-чыгыш тарапта, Бешташ суусунун чатында, деңиз деңгээлинен 1280–1340 м бийиктикте. 1967-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагы антропоген мезгилинин аягында пайда болгон аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Кен негизинен 25,8–53,9% шагылдан, 30,1–61,4% койташтардан жана 9,6–25,3% кум-чоподон турат. Узундугу 3,3 км, туурасы 500–600 м келген аянттагы кум-шагылдын жалпы запасы 12803 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–412 миң м3, В–3343 миң м3, С1–6125 миң м3, А+В+ С1–9880 миң м3. Кендеги кум-шагыл «300» маркасындагы бетон жасоого жарамдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]