Биогаз

Википедия дан

Биогаз - органикалык калдыктардын (кыктын, өсүмдүктүн) абасыз чөйрөдө микроорганизмдердин аракетинин натыйжасында ачып-кычуусунан пайда болгон күйүүчү газ. Анын курамы метандан (65%), көмүр кычкыл газынан (30%), күкүрттүү суутектен (1%) жана көмүртектен (1%) турат. Биогаз күйгөндө жыты жок көк түстөгү жалын пайда болот. Көпчүлүк түштүк өлкөлөрдө (Кытай, Индия) аны мал кыгынан жана өсүмдүк калдыктарынан (саман, кызылча жому ж. б.) абасыз жерде алуу жана отун катары пайдалануу кеңири өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]