Биогеохимия

Википедия дан

Биогеохимия (грек тилинен bios – тиричилик, жашоо, gе - жер) – биосферадагы хим. элементтердин айлануусун, миграциясын, таралышын жана тирүү организмдердин тоо тектеринин жана минералдарынын бузулушундагы ролун изилдөөчү илим.
Биогеохимиянын негизги аспектиси адамдын иш аракетинин биогеохимиялык циклдерге тийгизген таасирин үйрөнүү жана биосферанын өнүгүшү жөнүндө прогноз берүү. Биогеохимиялык процесстердин жүрүшүндө тирүү заттардын мааниси чоң экендигин В. И. Вернадский өзүнүн эмгектеринде белгилеп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4