Биримкул Алыбаев

Википедия дан

Биримкул Алыбаев

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын жана котормочу Биримкул Алыбаев 1937-жылы Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Б. Алыбаев 1956-жылы Ош областындагы Базар-Коргон № 1-орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз мамилекеттик университетинин филология факультетине өтөт, аны 1961-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат.Университетти бүтүргөндөн кийин беш жыл бою Кыргыз ТАГда оператор болуп иштейт. 1956-1969-жылдары республикалдык илимий-техникалык информация жана пропаганда институтунда старший редакторлук кызмат өтөгөн, 1969-жылдан бери “Кыргызстан” басмасында көркөм адабият боюнча редактор, анан старший редакторлук кызмат аткарат.

Б. Алыбаевдин биринчи ыры 1953-жылы областык газетада жарияланган. Ошондон тартып анын ырлары , очерктери, кабарлары, макалалары республикалык газета-журналдарда, альманахтарда үзгүлтүксүз жарыяланып келе жатат.

Б. Алыбаевдин биринчи ырлар жыйнагы 1968-жылы “Ак чардак” деген ат менен “Кыргызстан” басмасынан жарык көрөт. Б. Алыбаев котормо жагынан да ийгиликтүү эмгектенүүдө. Анын котормосу менен азербайжан жазуучусу Алфи Гасымовдун “Адиланын таалайы” деген романы, тажик классиги А.Дехотинин “поезд келди” деген китеби кыргыз тилинде басмадан чыкты.

Б. Алыбаев 1966-жылдан КПССке мүчө, 1969-жылдан СССР журналистер Союзуна, 1975-жылдан СССР жазуучулар Союзуна мүчө.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдышев К. "Кылым инсандары" Бишкек 2003-ж.