Бири-бирин окутуу

Википедия дан

Бири-бирин окутууокуучулардын, студенттердин жөндөмдүү-лүктөрүнүн, теориялык жана практикалык даярдыктарынын ар түрдүү-лүгүнө негизделген, маалымат, пикир алышууну, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү биргелешип калыптандырууну, өздөштүрүүнүн деңгээлин өз ара текшерүүнү көздөгөн топтук же жуптук окутуу түрү.

Бири-бирин окутуунун артыкчылыгы төмөндөгүлөрдөн турат:
Биринчиден: окуучулар, студенттер мугалимдин (окутуучунун) түшүндүргөнүнө караганда бири-бирине айтып бергендерин жакшы түшүнөт;
Экинчиден: өзү бирөөгө түшүндүрсө, материалды жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мында ар бир окуп үйрө-нүүчү өзүнүн жана мугалимдин (окутуучунун) ролун алмак-салмак аткарып, натыйжада алардын билимдери бышыкталат, ой-жүгүртүүлөрү, элестетүүлөрү, речи активдейт жана ички ынтызарлык күчөйт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,