Бирөөнүн этегин кармоо

Википедия дан

Бирөөнүн этегин кармоо – бул каймана мааниде айтылуучу сөз. Тактап айтканда, бирөөлөрдүн аркасы менен күн көрүп, колдоого эгедер адам. Анысы жылмышса, ал да жүдөйт. Кызматынан, мансабынан кетет. Өзүнчө багыт-чабыт алып кете албайт. Бирөөнүн этегин кармоосу – ага пара берүүсү, анысы тигинисин канатына калкалап, ар дайым сактап, мактап жүрүүсү.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү” Бишкек – 2000 “Шам” басмасы. ISBN 9767-10-030-3