Бишкектеги балдар музыкалык мектеби

Википедия дан

Бишкектеги балдар музыкалык мектеби П. Ф. Шубин атындагы - 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР ЭКСтин токтому менен ачылган.

1948-жылдын 20-январында композитор, дирижёр, Кыргыз ССР эл артисти П. Ф. Шубиндин ысымы ыйгарылган.

1959-ж. Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишкен жерине атайын жаны имарат салынып берилген.

Окуу мөөнөтү 5-7-жыл. Фортепьяно, кылдуу, элдик, үйлөмө, урма аспаптар жана хор бөлүмдөрү бар.

Буларда ар жыл сайын 800гө жакын балдар музыкалык билим алышат. Мектеп ачылган жылдардан тартып жогорку кесиптеги педагогдор иштешет.

Фортепьяно бөлүмүндө узак жылдары Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Д. Г. Склютовский, Д. А. Дубинская, E. М. Рысь, Г. М. Бурштин, Р. М. Малеева, Н. Г. Сухова, М. Л. Пейсокова, скрипка классында Я. Д. Фридьев, М. Л. Жеребкер, Н. Н. Токина, теория сабагынан Р. Г. Миронович, Н. В. Шокольский, A. В. Коханов, мектепте E. Н. Макарова, И. А. Деева, E. К. Моисеенко, E. В. Воржев, мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ж. Малдыбаева. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер С. Л. Богомольная, эл агартуунун отличниктери Ю. Г. Мисаланди, А. Ф. Кудрявцева, T. О. Макеева, И. Н. Топильская, Л. Ивасишына ж, б. иштешет.

Азыркы тапта мектепте Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Р. Мадварова, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Р. Г. Зайцева, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун кызматкерлери Н. Г. Светлов, Ч. С. Хегай, эл агартуунун отличниктери И. В. Хорошев, Ч. К. Аламанов, А. Л. Бекмуратов, A. О. Гумбин, М. Б. Зайцев, Г. Г. Барчуков ж. б. тажрыйбалуу жана жаш педагогдор эмгектенүүдө.

Мектепти бүтүрүшкөн көптөгөн окуучулар бүгүнкү күндө республикага, чет өлкөлүк угуучуларга белгилүү музыканттар: Кыргыз Республикасынын эл артисти M. М. Атагелдиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти O. С. Евтахов, M. Е. Виннер, Л. С. Кийизбаева, Г. А. Жеенбаева, Ш. Токтоналиев, искусство таануу илимдеринин кандидаттары E. С. Лузанова, К. Л. Надыршина ж. б. Мектептин концерттик залы, китепканасы, музыкалык аспаптарды ондой турган устаканасы бар.

Класстар окуу программасынын талабындай жасалган. Мектептин алдында хор, оркестр, ансамблдер (вокалдык, аспаптык) бар. Мектептин базасында (залында) ар дайым «Мээрим», «Сорос-Кыргызстан» фонддору уюштурган республикалык конкурстар, фестивалдар такай өтүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.