Биялы Максы уулу

Википедия дан

Биялы Максы уулу, Биялы бий (1868, Суусамыр өрөөнү, Жоо-Жүрөк өзөнү, Бадал кыштоосу - 1947, Чүй облусу, Москва району, Чоң-Арык (Чичерин) кыштагы) - суусамырлык саяктардын манабы.

Чынжырлуу манаптардын тукумуна кирген. Болуш да болгон. Чал уруусунан чыккан. Улуу Октябрь ыңкылабынан кийин бий болуп шайланган. Атасы Максы ажы суусамырлык саяктардын көрүнүктүү өкүлү болгон. Суусамырдан биринчи ажылыкка барып, 60 жаш курагында 1914-ж. Мекеде (Арабия) дүйнө салган. Алгачкылардан болуп кыштан үй салат. Жаратылышынан демократ, элге кайрымдуу болгон. Муктаж болгондор андан ар дайым жардам алып турушкан. Токтогул Сатылганов Сибирден сүргөндөн келгенде чоң урмат-сый менен тосуп алган. Башка уруулардын төбөлдөрү - Байтик баатыр, Чолпонкул бий, Шабдан баатырлар менен да тыгыз байланышта, достук мамиледе болгон.

Биялы бийдин 1916-ж. Суусамыр өрөөнүндө жашап жаткан бейкүнөө орустарды өлүмдөн сактап калгандыгы тууралуу, Пишпек уездинин начальниги. Ф. Г. Рымшевич 1916-ж. 28-ноябрда Жети-Суу облусунун губернатору И. А. Алексеевге уездеги көтөрүлүштүн жүрүшү жөнүндө рапортунда минтип жазган: «1-сентябрда уезддин начальнигинин дарегине суусамырлык кыргыз Түркмөн Сарыпбековдун көңүл бурууга арзый турган каты келди, анда ал мусулман тилинде: эки техник, эки солдат, бир жумушчу жана үч татар 12-августа Суусамыр болушундагы кыргыздар Биялы Максимов, Баракан Байбосуновдор ж. б. кыргыздардын жардамы аркасында бошотулган» деп жазат («1916-жылдагы Орто-Азиядагы жана Казакстандагы көтөрүлүш». Документтердин жыйнагы. Москва, 1960. 388-бет). Мындай чечим чынында эле падышачылык аскерлердин жазалоочу отряды тарабынан бүтүн өрөөндүн калкын кырылуудан сактап калууга чоң себеп болгон. 1929-ж. манаптардын катарында Оренбург облусуна сүргүнгө айдалган. 1936-жылдары Казакстандын Жамбыл облусунун Мерке айылына келүүгө уруксат кылган. 1939-ж. гана Кыргызстанга, Сталин районундагы Чичерин айылына (Чоң-Арык кыштагы, Москва району) көчүп келүүгө мүмкүнчүлүк беришкен. Ошол жерде 1947-ж. жарык дүйнөдөн өткөн.

Балдары Ыскак менен Жусуп элге белгилүү инсандар болушкан. Бул белгилүү манап, Суусамыр элинин акылман жана барктуу көрөгөч инсаны катары элдин эсинде түбөлүк жашай берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9