Бланширлөө

Википедия дан

Бланширлөө - (фр. blanchir агартуу, кайнак сууну жаба куюу) 1) тамак-аш өнөр жайында мөмө жана жашылчаны ысык сууга чайып алуу. Бланширлөө аларды карарып кетүүдөн сактайт, мөмө клеткасына канттын молекулаларынын сиңиши менен кыям кайнатууну тездетет. Бланширлөө мейиз даярдоодо, вино жасоодо бышкан жүзүмдү солутуу үчүн колдонулат. Бланширлөөдө солутуу процесси 2-3 эсе кыскарат; 2) тери өндүрүшүндө теринин ички бетин тери астындагы клетчаткадан (май, чел) тазартуу. Бланширлөөдөн кийин теринин ички бети (бахтарма) абдан тегизделет. Теринин калыңдыгын тегиздөөдөн, жылмалоодон кийинки кемчиликтери бланширлөө менен жок кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]