Блюминг-Слябинг

Википедия дан

Блюминг-Слябинг - оор металл уютмаларын жалпак кылып сомдоп, жука тунуке даярдоочу же туурасынан кесилиши тегерек, квадрат формасындагы профилдүү штанга, устун, рельс жасала турган заготовкаларга (блюмдарга) айландырып, сомдоочу универсал прокат станы.

Блюминг-Слябинг сорттуу прокат жана тунуке жасоочу заводдо колдонулат. Блюминг-Слябингдин механизмдеринин жайланышы негизинен блюмингге окшош, бирок Балдарынын жумушчу участокторунун узундугу менен жогорку валдын көтөрүлүү бийиктиги бир кыйла чоң келет. Заготовканы 90°ка оодаруучу аппараттар Блюминг-Слябингдин 2 жагында жайланышкан. Слябдарды кесүүчү кайчынын кесүү күчү блюмингдеги кайчыга салыштырганда бир кыйла жогору болуп, 30 Мн го (3000 тк) жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.