Божоноев, Абазбек Ниязалы уулу

Википедия дан

Калып:Тарыхчы илимпоз

Тарыхчы, педагог Абазбек Божоноев Жусуп Баласагын атындагы КУУдагы өзүнүн 80 жылдык мааракесине арналган кечеде. 24.12.2013.

Абазбек Ниязалы уулу Божоноев (соңку учурларда тегаты “Божонаев” деп да жазылып жүрдү; 24.12.1933, Суусамыр кыштагы, Суусамыр өрөөнү – 28.06.2014, Бишкек шаары, Кыргызстан) – кыргызстандык тарыхчы, педагог; Тоголок Молдо тууралуу жана башка эмгектердин автору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абазбек Ниязалы уулу Божоноев 1933-жылдын бештин айынын(декабрынын) 24үндө Кыргызстандын азыркы Чүй облусуна караштуу Суусамыр кыштагында (Суусамыр өрөөнүндө) туулган.

Абазбек Ниязалы уулу Божоноев 1954-жылы азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде окуган.

1969-72-жылдары ушул эле окуу жайда аспирантурада окуган.

1973-жылы Тоголок Молдонун доору жана өмүрү меен байланыштуу кандидаттык диссертациясын коргогон.

1973-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Жусуп Баласагын атныдагы Кыргыз улуттук университетинде иштеп келди. Мында доцент наамын да алды.

82 жаш курагында, 2014-жылдын 28-июнунда Бишкек шаарындагы үйүндө көз жумду.

Ушул жылы 30-июнда Бишкек четиндеги Байтик айылына жакын көрүстөндө маркум уулу Негизбектин мүрзөсүнүн жанында сөөгү жерге берилди.

80 жылдыгынын белгилениши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылдын 24-декабрында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратынын 3-кабатында жайгашкан тарых музейинде КУУнун эмгек сиңирген кызматкери, тарыхчы жана педагог Божонаев Абазбек Божонаевичтин 80 жылдык мааракесине арналган КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Окумуштуулар кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйынды факультеттин деканы Бектемир Жумабаев алып барды.

КУУнун жетекчилиги Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин "Изилденүүчү чөлкөмдөрдүн тарыхы жана маданияты" кафедрасынын доценти Божоноев Абазбек Божонаевичке "Билим берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаштарды окутуп, тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн "КУУнун эмгек сиңирген изилдөөчүсү" деген ардак наам ыйгаруу" тууралуу буйруктун негизинде, юбилярга тиешелүү күбөлүктү тапшырды жана салт боюнча калпак, чепкен кийгизди.

КУУнун «Изилденʏʏчʏ региондордун тарыхы жана маданияты" кафедрасынын башчысы Жамикат Омурованын маараке ээси тууралуу даярдаган презентациясы катышуучуларынын адаттагыдан тышкары кызыгуусун жаратты - кээ бирлери экранга жакын келип, эски фото-сүрөттөрдү кайра-кайра караса, кээ бирлери суроолорду берип жатышты.

Даректүү тасма аяктаган соң, Абазбек агайды 80 жаш - кутман курагы менен КУУнун кечки жана сырттан окутуу боюнча проректору Нурмамат Эсенкулов, "Эне" кайрымдуулук фондунун президенти Жыргал Момбекова, "Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин, Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары, юбилярдын иниси Куралбек Наскеев жана жеке ишкер, юбилярдын аталаш иниси Алмазбек Конушбаевдер да куттукташып, белектерин тапшырышты.

Педагог катары ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абазбек Божоноев өмүрүнүн оодук бөлүгүн кыргызстандык педагог тарыхчыларды тарбиялоого арнады. Кыйла жылдарын КУУнун педагогика кафедрасында өткөрдү.

Ал КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде, ошондой эле аталган университеттин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун гуманитардык-педагогикалык факультетинде иштеп келди.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын үй-бүлөсү бар.

Жубайы жана кыздары, уулу Төлөкарим бар.

Бир уулу Негизбек дүйнөдөн эрте кайткан.

Кыздарынын бири – Гүлнур Абазбек кызы.

Айрым чыгармаларынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абазбек Божоноев жүзгө жакын ар кыл илимий, педагогдук жана публицисттик чыгармаларды, макалаларды жазган.

  • - ISBN .

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]