Бозкачыр

Википедия дан

Бозкачыр — антропоморфтук типтеги жалгыз көздүү Малгун дөөнүн минген унаасы. Саякбай Каралаевдин вариантында чагылдырылган Б. кадимки эшек менен жылкынын (бээнин) жалгашуусунан жаралган аргын, башкача айтканда жылкы тукумунан кичине, эшек жаныбарынан чоңураак көлөмдө берилбестен, эпостун стилине ылайык өзгөчө апыртылган зооморфтук типтеги фантастикалык зор жандык түрүндө элестетилет. Бозкачырдын унаалык сапаты тоодой болгон чоң Малгун дөөнү кебелбей көтөрүп согуштук майданда желе жортуп да, таскактап чуркап, ачкалыкка, ысык-суукка чыдамдуулугу жана күчтүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Эпосто:

Ит Малгундун Бозкачыр

Башы үзүлдү быркырап,

Тоо ураган немедей

Кулап кетти дыркырап (Саякбай Каралаев, 2. 130),— деп ажал тапканы айтылат.

Эшек менен жылкынын аргынынан бүткөн жаныбардын атын билгизген «качыр» сөзү байыркы түрк тилинде «катыр» түрүндө болгон. Анткени катыр сөзү кат+ыр морфемаларынан куралган. Анын «кат» уңгусу байыркы түрк тилинде «кош, аралаштыр, аргындаштыр» маанисин берген. Ошол этишке зат атооч жасоочу «ыр» мүчөсү жалганып, «катыр» сөзү келип чыккан. Ал аргын дегенге жакын маани берген. Кийин т тыбышы ч тыбышына өтүп, азыркыдай качыр түрүнө келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4