Бозкертик

Википедия дан

Бозкертик Манас эпосунун кейипкери, эпосто душман баатырларынын бири, кытайдын мангут деген элинин каны. Кыргыздар менен кагылышкан душмандардын катарында «Токшукердин Бозкертик» өтө көп жолугат. Мисалы, Манастын 11 дуу-дуу менен согушунда активдүү роль ойнойт. Көкөтөйдүн ашында Манас менен эр сайышка чыгууга Коңурбайга кеңеш берип (Сагымбай Орозбаков, 3. 230—231), сайышка чыккан Коңурбайды Будаңчаң экөө коштоп чыкканы баяндалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 248). Чоң казатта Алмамбет менен Сыргак чалгынга барып, кытайлардын жылкысын тийип, Коңурбайдын колу менен кагылышканда гана Б-тин баатырдык иш-аракети сүрөттөлүп, ал Алмамбет, Сыргак, Чубактарга тете баатыр катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 304 — 306). Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбет менен Сыргак тыргооттун каны Канышайды өлтүргөндөгү эпизоддо Б-тин да өлгөнү баяндалат (Саякбай Каралаев, 2. 134), бирок кийин жаралуу болгон Манастын акыркы огунан өлгөн кытайдын сегиз канынын бири да Б. делет (Саякбай Каралаев, 2. 208).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4