Болор

Википедия дан

Болор – тарыхый топоним.

Борбордук жана Орто Азияда меридиан багытында созулуп жаткан болжолдуу ири тоо системасынын аты. Б. жөнүндөгү идея б. з. ч. 4–3-к-да Байыркы Грецияда жаралган. Ал античный доордон өткөн кылымдын ортосуна чейин Имай (Европада), Цунлин (Кытайда), Болор, Белур, Мустаг (Батыш Европа, Орусияда) деген ат м-н картага түшүрүлүп келген. 19-к-дын 30–40-ж-да немец географы А. Гумбольдт меридиандык тизмек жөнүндөгү эски түшүнүктөрдү кайра карап чыгып, Азия материги кеңдик ж-а меридиандык багытта созулган залкар тектон. тоо системалары м-н курчалган, а. и. меридиандык Б. өзгөчөлөнүп турат деген тыянакка келет. Анын ою б-ча Б. 32°30'дан (Гималайдын батыш четинен) башталып, түндүктү карай 45°20'га (Түш. Казакстандагы Каратоого) чейин 1450 кмге созулат; 35° м-н 40° кеңдиктердин ортосунда анын бийикт. 5500–6000 м келет; Б. м-н Теңир-Тоонун кайчылашкан жери бийик тоо тоомуна айланып, анын түйүнүн Оштун жанындагы Сулайман тоосу түзөт.

Кытайлардын Цунлин тоо тизмегин Гумбольдт Болордун бир бөлүгү деп эсептеген. Бирок акыркы 100–150 жылдан берки изилдөөлөр Б. жөнүндөгү гипотезаны ашкерелей алган эмес. Ошого карабастан айрым илимпоздор меридиандык Музтаг, Коңур, Ташкоргон ж. б. тоо кыркаларын Б. системасынын бар экендигин далилдөөчү факт деп карашкан. Б. деген топоним Орто Азиядагы байыркы элдин,өлкөнүн атынан келип чыккан. Тарыхый адабияттардын маалыматтары б-ча (5–9-к-да) Б. Кашмир м-н Памирдин ортосунда жайгашкан. Памирдик кыргыздар Болор м-н Чытрал (Пакистандын түндүгү) синоним, бир жердин аты деп эсептешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2