Бони (эл)

Википедия дан

Бони (вабони, валангуло) — кушит тобундагы эл. Кения жана Сомали мамлекеттеринин чек ара аймактарында жашайт.
Жалпы саны 10 миң адам (2010).

Тил

Бони тили Афразия макробүлөсүнүн кушит уясына кирет.

Дин

Жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабаларга жана жаратылыш күчтөрүнө сыйынуу, тотемизм кеңири таралган.

Чарбалык иштер

Бони эли салттуу түрдө мергенчи-жыйноочулар болуп эсептелет. Алар найза, союл, ууланган жебе менен аңчылык кылышат. Балык уулоо.
Башка уруулар менен карым-катнаштын натыйжасында мал чарбачылыгын (кой, эчки) өздөштүргөн.

Кол өнөрчүлүк

Токуу (килемче, себет, идиш), терилерди иштетүү жана турак жайларды жабуу жана кийим тигүү үчүн терилерди таңуу.

Кийим

Салттуу кийим – булгаарыдан жасалган белдемчи же өсүмдүк буласынан жасалган кыска юбка. Алар сомалиден келген кебез кездемелерди алмашып, денени ороп, учундарын ийинине ыргытышат.

Тамак-аш

Алар балык, жапайы жаныбарлардын кайнатылган этин, токочторду, кызыл калемпирден татымалдарды жешет.

Турак жай

Салттуу турак жай көчмө куполдуу алачык болуп саналат. Алачыктын каркасы токулган бутактардан жасалган жана чөп, жалбырак, килемдер, терилер менен жабылган.

Коом

Коомдук түзүлүштүн өзөгүн уруулук түзүм түзөт, анда майда бөлүнүүлөр – патрилинейлик линиялар так көрүнбөйт. Үй-бүлө патрилокалдык, кээ бир бони топторунда көп аялдуу.

Тарых

Бони — Чыгыш Африканын байыркы бушмен калкынын калдыгы болуп эсептелет. Алардын көбү Африканын түштүгүнө сүрүлүп кеткен. Бони уруулары көчмөн кушит малчыларынын (оромо жана сомали) таасиринде болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]