Бооң

Википедия дан

Бооң"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Акунбешим паашанын сыйкырчы аяры . Орго кандын жеңилгенин уккан Акунбешим Шамың шаа деген балбаны менен Б-ду көп кол берип Манастын жолун тосууга жиберет. Манастын сүрүнөн коркуп Шамың шаа качып кетип, алтымыш балбаны менен калган Б. аларды сыйкырлап ажыдаар, башка түрдүү жырткычтарга айландырып коюп, Манастын жолун тосоттоп калат. Кыргыз кошуну үч бөлүнүп, капчыгай менен келген Кыргылчал баштаган кол капчыгай толо шумдуктуу тоскоолго келип такалат. Б. аяр түрдүүчө кубулуп аскерди алекке салат. Башка жол менен кеткен Бакай капчыгайдын ичи капкара болуп, түн түшүп калганын көрөт. Аскердин ичиндеги Ырдык аярдын алы жетпей, Бакайдын колундагы Байкүш аяр жардамга келип, экөөлөп Б-ду жеңип, ал ажыдаар болуп оп тартып койгон кырк миң аскерди бошотот (Сагымбай Орозбаков, 2. 101 — 102, 108, 110—115, 117, 129).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4