Бориддер

Википедия дан

Бориддер – бор менен металлдар бирикмеси. Мезгилдик системасы I-IV группа металлдары (Zn башка) Б. белгилүү. Мол-сына ар түрдүү хим. байланыштар мүнөздүү. Атомдор ортосундагы байланыштар Б. жогорку темп-рага чыдамдуулукту берет. Б. төмөнкү өкүлдөрү мис., Ве, Mg Б-и сууда ажырайт, калгандары сууда жана орг. эриткичтерге эрибейт, көпчүлүгү к-тада кыйнчылык менен ажырайт. Металл оксиддерин бор менен боратты көмүртек менен калыбына келтирүүдөн, борду көмүртек менен же бор карбиди менен аракеттенишүүсүнөн алынат. Булардын ар түрдүү металлдар менен бирикмеси техникада кеңири колдонулат. Мис., цирконий, титан, хром Б-и реактивдүү кыймылдаткычтар тетиктерин жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]