Ботбаева Мира Махмутовна

Википедия дан

Ботбаева Мира Махмутовна (1927-ж. т., Музтөр айылы) - биология илимдеринин кандидаты (1963), профессор (1985).

  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1967-71). Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1990).
  • 1956-ж. КМУнун биология факультетин бүткөн.
  • 1967-73-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда ректор,
  • 1973-87-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институнун илимий иштер боюнча проректору,
  • 1992-99-ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде биология кафедрасынын башчысы, ошол эле кафедранын профессору, окутуучусу.
  • 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде «Кетментөбө өрөөнүнүн өсүмдүктөрү», «Кыргызстан фитоценоздору» ж. б.) автору, ошондой эле биология боюнча окуу китептеринин («Жогорку өсүмдүктөр курсу», «Ботаниканы окутуунун методикасы», 6-7-класстары үчун “Биологиянын” ж. б.) программасын түзүүгө жана жогорку окуу жайлары үчүн мамлекеттик стандарттарды жазууга катышкан.

2001-ж. «Экологияны окутуунун методикасы» аттуу эмгеги жарык көргөн. Анын эмгектери негизинен Кетментөбө өрөөнүнүн жаратылыш өзгөчөлүктөрүн, Батыш Теңир-Тоонун, анын ичинде Чаткал өрөөнүнүн биомдорун изилдөөгө арналган. СССР (1977), Кыргыз ССР элге билим берүү отличниги (1984). «Ардак Белгиси» ордени, Даңк (2002) ж.б. медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5