Бремсберг

Википедия дан

Бремсберг (немецче Bremse – тормоз жана Berg –тоо) – шахтанын жогорудан төмөнкү горизонтуна кенташты түшүрүүгө арналган жер алдындагы жантайыңкы казылма; оозу жердин бетине чыкпай, кен катмарларынын же кенташ тулкусунун жантайышы боюнча казылган жантык тоо өткөөлү. Демейде, кенди сыртка ташып чыкчу горизонтко чейин казылып, көмүрдү же кенташты ал боюнча конвейер же канаттык вагонеткалар менен кирелеп түшүрүү жана таза абаны төмөндөн жогорку горизонтторго берүү максатында да пайдаланат. Аткарган кызматы менен ээлеген ордуна жараша негизги (башкы), панелдик, горизонттор ортосундагы же участоктук жана жардамчы бремсберг. деп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]