Бримкулов Нургазы
Бримкулов Нургазы (1910, Көдүл айылы - 1992, Токтогул шаарчасы) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1960). Ош - Жалал-Абад педагогикалык техникумун бүткөн (1930).
- 1928-ж. Сарыкамыштагы Тержайлак жайлоосунда сабатсыздыкты жоюу мектебин ачып, 40тай кишиге кат тааныткан.
- 1928-ж. Суусамырда,
- 1930-ж. Токтогул районундагы башталгыч мектепте мугалим,
- 1931-36-ж. райондун борборунда ачылган жумушчу жаштар мектебинин уюштуруучуларынын бири болгон,
- 1936-ж. ал мектептин базасында орто мектеп ачылып (алгач Сталин, кийинчерээк Ж. Бөкөнбаев атындагы),
- 1939-42-ж. ошол эле мектептин директору,
- 1950-71-ж. окуу бөлүмүнүн башчысы,
- 197185-ж. мугалим болуп иштеген. Эл агартуу отличниги (1945).
- Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5