Бронхоэктаз

Wikipedia дан
Бронхоэктаз оору

Бронхоэктаз — бронхтун айрым бөлүктөрүнүн кеңейиши жана деформацияланышы менен мүнөздөлгөн дем алуу органдарынын оорусу.

Бронхоэктаздын бөлүнүшү[оңдоо]

Бронхоэктаз тубаса жана кийин пайда болгон болуп бөлүнөт. Тубаса бронхоэкстаз аз кезигет. Кийин пайда болгон бронхоэкстазга өнөкөт бронхит, өпкөнүн сезгениши, сасык тумоо, балдардын жугуштуу оорулары (көк жөтөл, кызылча) жана башка себеп болот. Сезгенишинде анын булчуңдуу кабыгы какырык толуп, ошол учурда жөтөлгөндө пайда болгон басым анын капталына таасир этип кеңейтет.

Оорудун өтүшү жана белгилери[оңдоо]

Оорунун эң алгачкы белгилери сезилгенден баштап, өтүшүп кеткенге чейин үч стадияга бөлүнөт. Биринчи стадиясында бронхтордун ички былжыр чели сезгенет. Экинчи стадиясында бронхтун бардык катмары жабыркап анын тегерегиндеги катмарга чейин жетет. Үчүнчү стадиясында сезгенүү бронхтордон өтүп өпкөнүн ткандарына жайылып, өпкөнүн өнөкөт ириң оорусуна окшоштук байкалат. Анын өнөкөт түрү улам күчөйт. Аз сандагы, көлөмү кичине бронхоэкстаз көпкө билинбейт. Көлөмү чоңоюп, көбөйүп кеткенде, оорулуу чыйрыгып, катуу жөтөлө баштайт. Ириңдүү, сасык какырык өтө көп (айрыкча эртең менен) бөлүнөт (кээде суткасына 1 лге жетет). Күчөп кеткенде кан түкүрөт. Оору күчөп турган мезгилде ооруканага жаткырылат. Сезгенүү процесси басаңдап калганда, эң оболу догдурдун көзөмөлү менен бронхтордон какырыкты чыгаруучу дарылоо жүргүзүлөт.

Дарылоо[оңдоо]

Курортто, санаторийде дарылануу сунуш кылынат, ошондой эле жалпы организмди чыңоо зарыл. Бронхтордун бир жагы белгилүү өлчөмдө жабыркаса хирургиялык жол менен дарылайт. Бронхоэктазды алдын алууда дем алуу органдарынын катуу кармаган жана өнөкөт ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл. Бронхтун сезгенүүсүн күчөп кетүүдөн алдын алууда эмгек гигиенасын сактоо, дем алуу гимнастикасын жасоо жана витаминдүү тамактануунун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8