Бугу тамыр

Википедия дан
Бугу тамыр.

Бугу тамыр (лат. Rhaponticum carthamoides) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы рапонтикум уруусунун түрү.

Бийиктиги 0, 5-2 м көп жылдык чөп. Тамыры жана тамыр сабагы ичке, өзгөчө жыты бар. Сабагы сейрек бутактуу. Жалбырактары жөнөкөй, сабагына кезектешип жайгашкан. Топ гүлү - корзинка. Түтүкчө гүлдөрү кызгылт көк, 2 жыныстуу. Мөмөсү - урукча. Бугу тамыр СССРдин Саян, Алтай, Жунгар Ала-Тоосунда гана кездешет. Субальпы жана альпылык шалбааларда өсөт. Бугу тамырдын тамырынан жана тамыр сабагынан жасалган "Саяны" деген маңыз медицинада кеңири колдонулат.

Ал - өнөкөт аракечтикке каршы, организмдин жалпы ишке жарамдуулугун жогорулатууда, акыл жана кол эмгектен чарчаганда пайдаланылуучу дары. Бугу тамырдын дарылык касиети анын курамындагы аскорбин, каротин ж. б. заттардын болушуна байланыштуу. Дарылык максатта Бугу тамыр колдо өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.