Бугу таштар

Википедия дан

Бугу таштар – соңку коло доорунан эрте темир доорунун башталыш мезгилине таандык бугу келбеттери чегилген таш мамылары. Алар Моңголияда, Тувада, Алтайда, Казакстанда, Чыгыш Түркстанда, Волга боюнда, Уралда, Түндүк Кавказда, Болгарияда, Эльбада кеңири тараган. Моңголия жана Түштүк Сибирде кездешкен таш мамылардын жогору жагында тегерек шакекче күн, борбордук бөлүгүндө бугу жана ача туяктуу жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Кыргызстандын да айрым жерлеринде: Ысык-Көлдө, Чүйдө, Соңкөлдө (Аккуланын мамысы, Манастын таш тулгасынын биринде Мамыташ, Кыла жергесинде) таш мамылар сейрек кездешет, бирок аларда бугунун сүрөттөрү эмес, канжар, окчонтой жана тегерекчелер түшүрүлгөн. Соңкөлдөгү бугу таштар. мезгили жагынан эрте темир дооруна туура келет. Буранадагы ачык асман астындагы археологиялык комплексте да айкел катары колдонулган уникалдуу бугу ташы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]