Булакчылар

Википедия дан

Булакчылар (Trichoptera) - курт-кумурскалар классындагы түркүм.

Денеси майда түктүү, ооз органдары начар өөрчүгөн. Буту узун, курсагы он муунактан турат. Жумурткаларын сууга же суу жээгиндеги өсүмдүктөрдүн жалбырактарына таштайт. Личинкасы куурчакчага айланганга чейин 4-6 жолу түлөйт. Алар жер шарына кеңири тараган.

Булакчылардын личинкалары жана куурчакчалары менен балыктар азыктанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.