Бура (эл)

Википедия дан

Бура (кводжеффа, хуве, хувийа; өз аты — bura «адамдар») — эл. Нигериянын түндүк-чыгышында (Мандара тоолорунда, Борно жана Адамава штаттарында) жана Камерундун түндүгүндө жашайт. Алар түздүктүктөргө жана тоолуктарга болуп бөлүнүшөт.
Жалпы саны 308 миң адам (2005).

Тил

Бура-пабир тилинде сүйлөшөт. Бура-пабир тили Афразия макробүлөсүнүн чад уясына кирет.
Хауса жана канури тилдери кеңири таралган.

Дин

Мусулмандар (сүннөттөр) 35%, христиандар 35%. Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалар, Ай, крокодил культтары) карманышат.

Чарбалык иштер

Террасалык жер чарба (таруу, жер жаңгак) жана малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал).

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктөрдөн темир устачылык жана карапачылык өнүккөн.

Тамак-аш

Негизги тамак-аш — өсүмдүк тамагы жана сүт азыктары.

Турак жай

Конуштар чачырандуу. Алачыктар тегерек, чатыры конус түрүндөгү, дубалдары чөптөн же самандан токулуп, чопо менен шыбалган.

Кийим

Кийим — белге байланган кездеме (юбка сыяктуу), хауса кийимдери да кеңири таралган.

Коом

Нике патрилокалдык. Патрилинейлик уруктар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жаштар бирикмелери (эркек жана аялдар союздары) сакталган.

Маданият

Салттуу музыкалык аспаптардын ичинен ксилофон эң популярдуу.
Бетти скарификациялоо практикаланат.

Тарых

Колонияга чейинки мезгилде бура эли алгачкы саясий түзүлүштү — Биу эмиратын түзүшкөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]