Бургулоочу балка

Википедия дан

Бургулоочу балка, перфоратор – тоо кен иштеринде, геологиялык чалгындоодо, ар кандай курулуштарды курууда, жарылгыч дүрмөттөрүн жайгаштыруу үчүн көзөнөктөрдү (шпурларды) оюуда же тоо тектерди, бетонду, асфальтты талкалап томкорууда колдонулган ургулап-бургулоочу курал. Көзөгүчү ургулап айланган поршендин жардамы менен кыймылга келет. Ургулоонун жыштыгына жараша минутасына 1000 жолу соккону (урганы) жыштыгы төмөн, 1600–2000 болсо нормалдуу, 2500ден көбү жогору жыштыктагы Бургулоочу балка болуп бөлүнөт. Салмагы 10–30 кг, диаметрлери 46 ммге чейинки көзөнөктөрдү бургулоочу түрү кол менен бургулоочу балка салмагы 50–70 кг, 85 мм чейинки диаметрдеги 25 м тереңдикке чейинки көзөнөктөрдү бургулоочу балка бургулоочу манипулятор же колонка, салмагы 3050 кг, тик өйдө багытталган көзөнөктөрдү 15 мге чейинки тереңдикте бургулоочу түрү телескоптуу бургулоочу балка (же перфоратор же телескоптуу курулма) деп айырмаланат. Чоң жыштыкта ургулап бургулоочу балка бургу арабасына (каретага) орнотулуп, аралыктан башкарылат.

Бургулоо бургулоо жана тазалоо / майдалоо функцияларын аткарат. Пончикти дроссель жана балка менен айкалыштырса болот.[1]

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Перфораторлордун түрлөрү жана алардын өзгөчөлүктөрү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]