Бургулоо каретасы

Википедия дан

Бургулоо каретасы – шпурларды жана көзөнөктөрдү (скважиналарды) механикалык бургулоо үчүн пайдаланылуучу жылып жүрмө курулма. Горизонтал жана жантайыңкы тоо кен казылмаларында өзү жүрмө, тике өзөк казылмаларда асма бургулоо каретасы колдонулат. Өзү жүрмө бургулоо каретасы. пневматикалык, дөңгөлөк, жүрүүчү рельс же каз тамандуу платформа; ага бир же бир нече гидравликалык, чанда автоподатчиктүү буралма манипулятор бекитилип орнотулган. Кээ бир бургулоо каретасы чатырлуу кабина жана башкаруу пульту менен жабдылат. Иш учурунда Бургулоо каретасы рельске бекитилет же гидродомкрат менен кармалат. Өзү жүрмө кен казуучу бургулоо каретасы тоо кен казылмасын өткөөлдөөдө жана кен казып алуу иштеринде пайдаланылат. Казылмадагы бургулоодо жана бийик үңүмө казмаларда мунаралуу бургулоо каретасы колдонулат. А с м а бургулоо каретасы забойдо домкрат менен бекитилип, манипулятор, автоподатчик жана бургулоо балкасы орнотулган бүктөлмө алкак забойду бургулоодон кийин алкак асылма текчеге көтөрүлөт. Бургулоо каретасында узак жүрүштүү, зым аркан-поршендүү, чынжырлуу же винттүү податчиктер колдонулуп, 2,5–3,5 мге же андан да терең бургулоого мүмкүндүк түзүлөт. Забойдогу бургулоо каретасына электр-энергия кабель, суу жана кысылган аба шланг аркылуу берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]