Бургулоо машиналары
Бургулоо машиналары – бургулоонун техникалык каражаттары. Буларга бургулоо каретасы, бургулоо курулмасы, бургу-шнектүү машина, бургулоочу балка жана башкалар кирет. Бургулоо машиналар негизинен техникалык үч тармакта: нефть жана газ өндүрүүдө терең (бир нече км) бургулоо, кен байлыктарды чалгындоодо жана тоо кен менен курулушта жарылуучу заттарды жайгаштыруу үчүн көзөнөктөрдү (көзөнөкчөлөрдү), шпурларды бургулоо багытында өнүккөн жана кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4