Бургулоо мунарасы
Бургулоо мунарасы – бургулоо аспабын, забой кыймылдаткычтарын, каптоо түтүктөрүн түшүрүү жана көтөрүү үчүн бургулоо көзөнөгүнүн (скважинанын) үстүнө тургузулган курулуш. Бургулоо мунарасы полиспаст, түшүрүү жана көтөрүү операцияларын механикалаштыруу каражаттары, түтүктөрдү жайгаштыруучу кассеталар менен жабдылат. Анын бийиктиги көзөнөктүн долбоордогу тереңдигине жараша тургузулат. Алар жыгач устундардан (тайыз көзөнөктөрдө), түтүктөрдөн же прокаттардан 3–4 капталдуу, кесилген пирамида түрүндө жасалат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4