Бурея кырка тоосу

Википедия дан

Бурея кырка тоосу Орусиянын Хабаровск крайында.

Бурея дарыясынын башынан Тырма дарыясынын башына чейин меридиан багытында созулуп жатат. Уз. 400 км. Бийикт. 2071 м ге чейин. Гранит, гнейс, сланец, ошондой эле чөкмө жана эффузив тоо тектеринен түзүлгөн. Капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүн ийне жана жазы жалбырактуу токойлор, жогору жактарын тоо тундра бадалдары каптап жатат. Түштүгүндө тоонун этектери менен капталдарында эмен токою өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.