Бурчту үчкө бөлүү
Бурчту үчкө бөлүү – эркин алынган бурчту циркуль жана сызгычтын жардамында барабар 3 бөлүккө бөлүү жөнүндөгү чыгарууга карата берилген байыркы маселелердин бири. Байыркы Грецияда классикалык үч маселеге кубдун эки эселениши, тегеректин квадратурасы жана бурчту үчкө. бөлүү кирген. Бул маселе х3+рх +q=0 түрүндөгү толук эмес 3-тартиптеги теңдеменин тамырын чыгарууга келтирилет. Маселенин айрым учурун эске албаганда, мисалы, берилген бурч тик болсо, циркуль, сызгычтын жардамы менен чыгарууга мүмкүн эместигин 1837-ж. француз математиги П. Ванцель далилдеген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4