Бут кийим

Википедия дан
Бут изинин схемалык көрсөтүлүшү: солдо — нормадагы бут кийим кийген; оңдо — тар бут кийим кийген кишиники.
Бут кетменинин сөөктөрүнүн схемалык көрсөтүлүшү: солдо — нормадагы бут кийим кийген; оңдо — такай тар бут кийим кийген кишинин бут сөөктөрү.

Бут кийим адамдын бутун айлана чөйрөдөгү терс таасирлерден (ысык, суук, суу, чаңдан, жарааттануудан жана башка) сактоо үчүн кийилет.

Маасы менен көлөч

Колдонулуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулуусу боюнча тиричилик жана атайын —спорттук, медициналык (ортопедиялык), өндүрүштүк болуп бөлүнөт. Бут кийимге бир катар санитария-гигиеналык талаптар коюлат: ал бут кетменинин кыймылдуулугун сактап, тамандын жалпайышына жол бербей, басканда салмакты азайтып, тамандын анатомия-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө терс таасир тийгизбей; кан айлануусуна тоскоол болбой; бутту кысып оорутпай жана аба ырайына, климат, эмгек, турмуш-тиричилик шартына ылайыктуу болууга тийиш. Бут кийим тамандан 10—15 мм узунураак болуп, баш бармак бут кийимдин тумшугуна такалбай, бүгүлбөй турушу керек. Таман жалпактыгы пайда болбос үчүн тар бут кийим кийбөө сунуш кылынат. Бутту кыскан бут кийим анын кан айлануусун бузат, анткени дене ысып кызыганда, кара күч жумуш жасаганда же бат басканда бутта кан айлануу 70 эсе тездейт. Бийик такалуу бут кийим буттун таяныч аянтын 30—40%ке азайтып, дене салмагын алга жүткүнтүп, бармактардын бүгүлгөн учуна жана согончокко ооштуруп, кадам шилтөө солгундатат. Бийик такалуу бут кийим кийүүдөн бутту көп кайрып алып, байламталар чоюлуп, кызыл ашык муундарында чыгып кетүү көп болот.

Бийик такалуу бут кийим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көлөч

Бийик такалуу бут кийимди өспүрүмдөр кийүүгө болбойт, анткени ал омуртка тутумунун кыйшайышына, жамбаш чарасынын өзгөрүшүнө, ички органдардын жылып кетүүсүнө алып келет. Буттун физиологиялык кызматынын нормалдуу өтүшү үчүн таканын бийиктиги: эркектердики 20— 30 мм, аялдардыкы 20—40, балдардыкы жашына жараша 10—30 мм болууга тийиш.

Талаптар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бут кийим суу өткөрбөс, жумшак, жеңил жана желдетүүчү касиетке ээ болуп, суу бут кийимди кургаткандан кийин да катпай, көркүн жоготпой жана кичирейип же тарып кетпөөсү зарыл. Ысык мезгилде кийилүүчү бут кийим абаны жакшы өткөрүүчү касиетке ээ болбосо, бутту тердетип, кызытып жиберет.

Ысык климатта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байчеке

Климат ысык жерлерде жана жай мезгилинде кийилүүчү бут кийимдин таманы кайыштан жасалып, жеңил болгону оң. Бут кийим жасап чыгарууда азыр синтездик материалдар кеңири колдонулууда. Резина бут кийимди жаан-чачындуу, нымдуу аба ырайында кийиз батек же жүндөн согулган байпак менен кийүү керек.

Спортто[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балеткалар түрү

Спорттук бут кийим спорттун бардык түрү менен машыгуу учурунда кийүүгө арналган. Ал гигиеналык талапка ылайык булгаарыдан даярдалат. Азыр калк арасында кеңири таралган спорттук бут кийим резина аралаш согулган материалдан резина таманга жабыштырылып, ичине ным соргуч батек коюп даярдалат. Аны жүн байпак менен кийүү бутту катуу тердеп, былжырап кетүүдөн жана сууктан сактайт. Футболист, альпинист, жеңил атлеттер үчүн таманында бүдүрлөрү бар бут кийим сунуш кылынат. Мындай бут кийим кар, муз каптаган тик жерлерде жүрүүгө жана чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Спорттун кышкы түрлөрү менен машыгуу учурунда жылууланып жасалган бут кийим кийилет. Гигиеналык талапка ылайык спорттук бут кийимди машыгуудан кийин тазалап, 25—30° температурада кургатуу керек. Эпидермофития оорусунан сактануу үчүн бут кийим мезгил-мезгили менен дезинфекцияланышы зарыл.

Ортопедиялык бут кийим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортопедиялык бут кийим бут кетменинин патологиялык өзгөрүүлөрүндө кийилет жана анын деформациясын түзөтөт, алардын күчөшүн алдын ала сактайт, буттун кыскалыгын толуктап, таянып турууга жана басууга жардам берет. Ортопедиялык бут кийимди даярдоого врач кагаз жазып берет. Аны атайын протез жасоочу ишканаларда жасалат. Оорулуу бутка чак, ыңгайлуу, жеңил, бышык, кийип жүргөндө кебетеси бузулбоого тийиш. Ичи жылма, одуракай тигиштери жок, оорулуу жер үчүн атайын чуңкур жасалат.

Балдар бут кийими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдар бут кийими баланын бут кетменинин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша жумшак, бышык, жеңил жана таманы ийилчээк, бут манжалар эркин кыймылдагандай болуп, такасы анча бийик болбогону жакшы. Анткени ал таманды урунуудан жана таман жалпактыгынан сактайт. Басып жүргөндө оордук согончокко туура келет. Ошондуктан бут кийимдин апкыты өтө бышык, катуу жана эптүү болушу зарыл. Бут кийим балдарга жумшак, чоюлчаак, абаны жакшы өткөргөн материалдан ултарылып, таманы жеңил, суу өткөрбөгөндөй болушу талапка ылайык. Бул үчүн табигый материалдар пайдаланылат. Балдар бут кийиминин дайыма кургак жана таза болуусуна көз салуу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8